Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:45

Улуттук банк ишкерлер менен банктардагы көйгөйдү талкуулады


Улуттук банктын жетекчилери “Кыргызстан банктарынын союзу”, “Жаш ишкерлер, “Жеңил өнөр жай” ассоциациялары жана “Бишкек эркин экономикалык аймагынын” өкүлдөрү менен жолугуп, коммерциялык банктардагы акча жүгүртүү, тейлөө, чет өлдүк валютанын тартыштыгын талкуулашты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы маалымдады.

Башкы банктын төрагасынын орун басары Манас Жакыпов Улуттук банк кыйынчылыктарга карабастан банктардын төлөм системаларын талаптагыдай камсыз кылууга аракеттенип жатканын белгиледи.

Кыргызстанда доллардын курсуна байланыштуу маселе утур-утур көтөрүлүп жатат. Өлкөдө накталай доллар тартыштыгы сезилип, ишкерлерге кошумча түйшүк жаратууда. Өкмөт жана Улуттук банк муну Орусиядагы кырдаалга байланыштырган. Накталай доллар Орусияга чыгарылып жатканын билдирген. Мындан сырткары айрым банктар кардарлардын эсебинен накталай доллар алууда 5% чейин комиссия кармап калып жатат. Улуттук банк муну банктар долларды алып келген чыгымын жабуу үчүн комиссия киргизгени менен түшүндүргөн.

Акыркы эки жыл 85 сомдун тегерегинде туруктуу кармалып келген доллар быйыл 24-февралда Орусия Украинага басып кирген күндөн тартып кымбаттай баштаган. Эки апта ичинде анын куну дээрлик 20 сомго жогорулап, 106 сомго жеткен. Ошондон бери доллардын куну олку-солку абалда, расмий курс учурда 82 сомдон болууда.

Акча алмаштыруучу жайларда соңку күндөрү доллар жана евро 3-4 сомго кымбаттай баштады. (TSh)

XS
SM
MD
LG