Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:06

БУУ: Украинадан 9 миллиондон ашуун адам чыгып кетти


Буудай талаасындагы украин желеги. Киев. Июль, 2022-жыл.
Буудай талаасындагы украин желеги. Киев. Июль, 2022-жыл.

Орусиянын баскынчылыгы менен согуш башталгандан бери Украинадан 9 миллиондон ашуун адам коопсуз жактарга баш калкалоо үчүн чыгып кетти. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Качкындар агенттиги маалымдады.

Украин качкындарын кабыл алууда Евробиримдик өлкөлөрүнөн Польша алдыда.

11-июлга карата Польшада 1 млн. 221 миң 596 украин качкыны баш калкалап турат. 900 миңге чукул качкын Германияда. 391 миңге чамалуусу Чехияда, 150 миңдей украиналык качкын мекениндеги согуштан улам Түркия менен Италияда жашоого аргасыз. 80 миңден ашуун адам Молдова, Румыния жана Словакияда убактылуу жашап жатат.

БУУнун маалыматына караганда, Орусияда 1 млн. 652 миң 531 украиналык качкын бар. Орусиялык маалымат каражаттары күч түзүмдөрүнө таянып украиналык качкындардын саны 2 миллиондон ашканын жазды. Өлкөдө украиналык качкындарды каттоо жана макам берүү тууралуу маалымат ачык болбогондуктан, качкындардын так санын аныктоо мүмкүн эмес.

Буга Украинанын өздөрүн-өздөрү “Донецк Элдик Республикасы” жана “Луганск Элдик Республикасы” деп аталган аймактарынан баргандардын көбүндө Орусиянын паспорту болушу ыктымалдыгы айтылууда.

Согуш башталгандан бери канча адам мекенине кайтып келгени тууралуу да маалымат жок.

БУУ билдиргендей, Евробиримдиктин мүчөсү болгон алты өлкөдөгү качкындар согуш бүткөндөн кийин мекенине кайтууну каалайт. Басымдуу бөлүгү жакынкы убакта эле, Украинада тынчтык биротоло орношун күтпөй кетүүнү көздөп жатканын билдиришкен.

Орус күчтөрү "атайын аскердик операция" деген жүйө менен 24-февралда Украинага басып кирген. Беш айдан бери уланып жаткан согушта эки тараптан тең аскерлер жана жайкын тургундар арасында миңдеген курмандыктар катталды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG