Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:40

Өзбекстандык келинге балдарын мекенине алып чыгуусуна тыюу салынды


Иллюстрация сүрөт.
Иллюстрация сүрөт.

Ноокен райондук соту Өзбекстандын жараны - Кыргызстанга келин болгон аялга эгиз кыздарын төркүнүнө алып чыгууга тыюу салган чечим чыгарды. Бул тууралуу Жалал-Абаддагы «Справедливость» укук коргоо уюмунун юристтери маалымдашты.

Адвокат Нурислам Райимжановдун сөзүнө караганда, Кыргызстанга келин болуп келген өзбек жараны бир нече жылдан бери күйөөсү менен жашабайт. Балдары менен батирде ижарада турат. Күйөөсү алимент төлөөдөн баш тартып, ошол эле учурда кыздарын чет жакка чыгарууга да уруксат берген эмес. Аргасы кеткен келин төркүнүнө эки айда бир кыздары менен баруу үчүн уруксат сурап, сотко кайрылган. Учурда келинге мурдагы күйөөсү 102 миң сом алимент карыз.

"Келин Өзбекстандын жараны катары Кыргызстанда жүрүү мөөнөтүн улам узартып турууга мажбур. Төркүнүнө биротоло кетейин десе кыздарын таштай албайт", - деди адвокат.

Кыргызстандын мурдагы мыйзамдарына ылайык, жашы жете элек ата-энесинин бири менен чет өлкөгө чыгуу үчүн экинчисинин уруксаты керек болчу. Үй-бүлө кодексине киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, учурда баланы чет өлкөгө алып чыгуу маселесинде ата-энесинин бири уруксат бербесе, экинчиси сотко кайрылууга укуктуу.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG