Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:22

Бекмурзаев: Энергетикадагы каржы тартыштыгы 15 млрд. сомдон ашты


Доскул Бекмурзаев.
Доскул Бекмурзаев.

Энергетика министри Доскул Бекмурзаев өкмөттүн жыйынында бул тармактагы жалпы каржылык тартыштык тууралуу маалымат берди.

"Биздин энергосистеманын ичиндеги финансылык тартыштык 15 миллиард 275 миллион сом. Жалпы чыгашабыз 40 миллиард сомдон ашып жатат. Быйыл биз 24 миллиард 993 миллион сомду азыркы тарифтик саясат менен чогултабыз деп пландап жатабыз. Ошонун айырмасы 15 миллиард сомдон ашып жатат. Өзүңөр билесиңер, мунун баары биздин тарифтик саясатыбыздан келип чыкты. Эң көп тартыштык "Электр станциялар" ачык акционердик коомуна таандык. Бул Бишкек жылуулук электр борбору, Токтогул ГЭСиндеги каскаддар. Андан кийинки орунда "Кыргызстан улуттук электро тармактары", андан кийин бөлүштүрүүчү копаниялар, "Жылуулук тармагы", Чакан ГЭС" турат".

Ушул айдын башында Бекмурзаевге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров оозеки эскертүү берген. Анын алдында Жогорку Кеңеште анын дарегине сын-доомат көп айтылган. Айрым депутаттар энергетика тармагындагы бир катар иштер, берилген тапшырмалар жасалбай жатканын айтып, атайын комиссия түзүп иликтеп чыгууну сунуштаган.

Доскул Бекмурзаев 2021-жылдын июнь айында дайындалган. Кызматка киришип жатканда кыска аралыкта энергетика тармагын түп-тамырынан бери реформалай турганын билдирген эле.

XS
SM
MD
LG