Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:39

Президент "жалкоо" кадрлардан арылуу маалы келгенин билдирди


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров 14-июлда аткаруу бийлигинин башчысы катары экинчи ирээт өкмөттүн жыйынына төрагалык кылып жатат. Ал өз сөзүндө бийликтеги ишинде жыйынтык көрсөтө албаган кадрлардан арылуу маалы келгенин айтты.

"Өткөн жылдын декабрь айында 2021-жылдагы иштерди расмий жарыялаганбыз. Бүгүн алты айдын жыйынтыгын чыгарыбыз. Иштин жыйынтыгын чыгарып, ирээттеп туруу бул - дагы бир жолу белди бекем бууп, арабызда жүргөн айрым жалкоо адамдардан арылууга негиз болуп саналат. Мурдагыдай "эптеп убакытты өткөрүп жүрө берсек" деген кадрлар арабызда болбоого тийиш. Азыр уктап жатчу мезгил эмес. Мен ар дайым ачыкмын, кайсы жерге барбайын элдин суроолорунун баарын түз, ачык жооп берип келем. Өкмөт өкүлдөрү аймактарды кыдырып жүрөт. Алар элдин көйгөйүн маал-маалы менен жеринен чечип турушат", - деди президент.

Садыр Жапаров мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди аткарган иши тууралуу маал-маалы менен отчет берип турууга милдеттендирди. Мамлекеттик башкаруунун жаңы системасын өтүп, шайлоолор болгонун, "саясий оюндар" бүткөнүн, алдыда экономика менен алектенген жылдар келе жатканын айтты.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баштаган өкмөт өкүлдөрү 29-июнда Жогорку Кеңеште өлкөдөгү соңку экономикалык-социалдык абал тууралуу маалымат берген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG