Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:07

Украина жикчилдерди тааныган Түндүк Корея менен мамилесин үздү


Украинанын картасы. Кызыл сызык менен жикчил түзүмдөрдүн 2022-жылдын 24-февралына чейин ээлеп турган жерлери.
Украинанын картасы. Кызыл сызык менен жикчил түзүмдөрдүн 2022-жылдын 24-февралына чейин ээлеп турган жерлери.

Украина өлкө чыгышындагы жикчил түзүмдөрдү көз карандысыз республика катары тааныганы үчүн Түндүк Корея менен дипломатиялык мамилесин үздү. Бул тууралуу Украинанын Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Мекеме Пхеньяндын аракетин Украинанын суверенитетин жана аймактык бүтүндүгүн бузуу катары баалады. Алар менен экономикалык жана саясий байланыштар буга чейин Түндүк Кореянын өзөктүк программасына байланыштуу салынган санкциялардын алкагында эле токтогон.

Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба Түндүк Кореянын чечими Москванын буйругу менен болуп жатканын айтты.

“Дүйнөдө Орусиянын өзүнөн каржылык жана саясий көз каранды болгон өлкөлөрдөн башка өнөктөштөрү калган жок. Орусия Федерациясын изоляция кылуу жакын арада ошол эле Түндүк Кореянын деңгээлине жетет. Украина өзүнүн суверенитетине жана аймактык бүтүндүгүнө шек келтиргендерге мүмкүн болушунча өтө катуу реакция жасоосун уланта берет”, - деди Кулеба.

Түндүк Корея 13-июлда Украинанын эки облусунун аймагында өздөрүн-өздөрү “Донецк Элдик Республикасы” жана “Луганск Элдик Республикасы” деп аталган жикчил түзүмдөрдү көз карандысыз мамлекет деп тааныган.

Июндун аягында Сириянын Москва колдогон бийлиги Украинанын чыгышындагы жикчилдердин көз карандысыздыгын тааныган.

Орусиянын президенти Владимир Путин 21-февралда Украинанын чыгышындагы жикчилдердин өздөрүн “Донецк Элдик Республикасы” жана “Луганск Элдик Республикасы” деп атап алган түзүлүштөрүн көз карандысыз мамлекет катары тааный турганын жарыялаган. Алардын лидерлери менен кызматташуу келишимине кол койгон. Чечимди Мамлекеттик Дума 22-февралда ратификациялап берген. Натыйжада Москва 24-февралда Донбасста "атайын аскердик операция" деген жүйө менен Украинага чабуул жасап, басып кирди.

Эки аймакты тең Орусиядан башка өлкөлөр мамлекет катары тааныган эмес. Алар экөө биригип бир көмүр бассейнинде турганы үчүн Донбасс деп аталат. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG