Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:46

Зулушев партиялык системаны алсыз кадрларды кызматка койгон деп айыптады


Курманкул Зулушев.
Курманкул Зулушев.

Башкы прокурор Курманкул Зулушев Кыргызстанда партиялык башкаруунун арты менен кадр маселеси жаралганын 14-июлда Ноокен районунун тургундары менен жолугушууда билдирди. Ал партиялардын активисттери билимине, сабатына карабай, айыл өкмөттөргө чейин жетекчилик кызматтарга коюлуп калганы өлкөнүн өнүгүүсүнө бут тосуп келген деп эсептейт.

Баш прокурор Жалал-Абад - Маданият жолунун курулушу кечигип жатканын белгилеп, жолдун сапаты да көзөмөлдөнөрүн билдирди.

Жолугушууда балдарга жөлөк пул берүү маселеси да козголуп, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев эми үйүндө муздаткыч же 20 жыл мурда чыгарылган унаасы эске алынбай турганын айтты. Ал эми Курманкул Зулушев эгер адистер жөлөк пул чыгарууда мыйзам бузса, кылмыш жоопкерчилигине тартыларын белгиледи.

Алар түштөн кийин Базар-Коргондун, 15-июлда Сузак жана Жалал-Абад шаарынын тургундары менен кезигет.

Президент Садыр Жапаров 4-июлда күч түзүмдөрүнүн, айыл чарба жана башка мекемелердин жетекчилерине эл менен жолугушууга тапшырма берген. (TB/ZKo)

XS
SM
MD
LG