Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:45

Мамкаттоонун кызматкерлери сотто Темировго паспорт мыйзамдуу берилгенин айтышты


Болот Темиров Бишкектин Свердлов райондук сотунда. 18-май, 2022-жыл.
Болот Темиров Бишкектин Свердлов райондук сотунда. 18-май, 2022-жыл.

Журналист Болот Темировдун паспортуна байланыштуу кылмыш иши боюнча Свердлов райондук сотунда жүрүп жаткан териштирүү 14-июлда уланды.

Жараянда Өзгөн райондук мамлекеттик каттоо кызматынын кызматкери Эрнис Абдырахманов жана башка кызматкерлер көрсөтмө берди. Алар Темировго паспорт мыйзамдуу берилгенин тастыкташты. Бул тууралуу журналист өзү "Азаттыкка" билдирди.

Болот Темировдун паспортуна байланыштуу 20-апрелде Жазык кодексинин “Документ жасалмалоо”, “Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү” боюнча эки кылмыш иши козголгон.

Ага чейин быйыл январь айында Бишкек шаардык милициясы Темировго карата Жазык кодексинин “Баңгизаттарын, психотроптук каражаттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз даярдоо” беренеси менен кылмыш ишин козгогон. Журналистке карата баш-аягы төрт иш ачылып, бир өндүрүшкө бириктирилген.

Мунун алдында Болот Темировдун Temirov LIVE деп аталган YouTube каналы “Эки күндө 37 млн. сомду кантип тапса болот? Садыр Жапаров жана Ташиевдин схемасы” деген темада иликтөө жарыялаган.

Журналист өзүнө козголгон кылмыш иштерин кесиптик ишмердигине тоскоолдук катары мүнөздөгөн. Күч органдары бул дооматтарды четке кагып келет. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG