Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:46

Дача СУ: комиссия мүчөсү элден чогулган акчадан казынага да берилгенин айтып чыкты


Дача СУ. 2017-жыл, 16-январь. Кырсык болгон жерде тартылган сүрөт.
Дача СУ. 2017-жыл, 16-январь. Кырсык болгон жерде тартылган сүрөт.

Дача СУ каргашасын иликтеген коомдук комиссиянын кезектеги жыйыны өтүп жатат. Комиссиянын мүчөсү, журналист Дилбар Алимова кырсыктан кийин элден чогулган акчанын айрым бөлүгү казынага жана Социалдык фондго өткөрүлгөнүн кабарлады. Журналист бул тууралуу Фейсбуктагы баракчасына жазды.

“Элден чогулган акчанын 30 283 620 сомун бюджетке, 390 455 сомун Соц.фондго өткөрүп берип салышкан. "Эмне үчүн?" деген суроону бердим, анткени биздин жарандар бюджетти колдойбуз деп акча салышкан эмес да? Ал кездеги комиссиянын чечими болгон деген жоопту берип жатышат”, - деп жазды Алимова.

Дача СУ каргашасын иликтеген коомдук комиссия элден чогулган каражаттын бөлүнүшүн жана сарпталышын дагы иликтей турганын билдирген. Комиссия октябрь айына чейин иштейт. Ар бейшемби жыйынга чогулууда. Учурда учак кырсыгынан жакынын жоготкондордун бири комиссия мүчөлөрүнүн суроосуна жооп берип жатат.

Президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен түзүлгөн коомдук комиссия 12-майда алгачкы жыйынга чогулган жана анда ишин уюштурууга байланыштуу маселелер талкууланып, такталган. Коомдук комиссияга парламенттин мурунку депутаты Алмамбет Шыкмаматов төрага болгон.

Кырсыктан кийин элден чогулган 102 миллион сомдон ашуун каражат жабыркагандарга таратылган. Мындан сырткары түркиялык компания дагы кенемте төлөп берген. Акча алгандардын суммасы айтылган эмес. Буга жабыркагандардын суранычы негиз келтирилген.

Мындан беш жыл мурда Бишкектин четинде, "Манас" эл аралык аба майданынын жанындагы Дача СУ конушуна Гонконгдон Стамбулду көздөй бараткан түркиялык АСТ Airlines компаниясына таандык Boeing үлгүсүндөгү жүк ташыган учак кулап түшкөн. Анда 85 тоннадан ашык жүк болгон.

Каргашада 35 жергиликтүү тургун (алардын 17си бала) жана төрт учкуч каза тапкан. Кырсыктын алгачкы күнүнөн тартып эле каргашанын себеби, учактагы жүктүн ээси, адамдарды куткаруудагы аракеттерге байланыштуу бир топ суроо жаралган. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG