Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:13

Украинанын Запорожье облусунда Орусияга кошулуу референдуму сунуш кылынды


Украинанын картасы. Запорожье облусунунун борбору – Запорожье шаары кызыл чекит менен белгиленип турат. Иллюстрациялык сүрөт.
Украинанын картасы. Запорожье облусунунун борбору – Запорожье шаары кызыл чекит менен белгиленип турат. Иллюстрациялык сүрөт.

Украинанын Запорожье облусундагы Москва дайындаган жетекчилик күз айларында аталган аймактын Орусияга кошулуусу боюнча референдум өткөрөрүн жарыялады. Бул тууралуу орусиялык ТАСС маалымат агенттиги тиешелүү администрацияга таянуу менен кабарлады.

Согуш башталгандан бери Запорожье облусунун көпчүлүк бөлүгү Орусиянын аскерлеринин көзөмөлүндө турат. Аймактын борбору – Запорожье шаарын жана башка азыраак жерди гана Киев башкарып жатат.

Кайсы бир аймактарды башка өлкөгө кошушу жөнүндө референдумдар Украинанын мыйзамдарында каралган эмес. Расмий Киев украин жеринин бир бөлүгүн Орусияга өткөрүп берүү маселесин эч качан кабыл албай турганын айтып келатат.

2014-жылдын 18-мартында Украинанын Крым жарым аралын жана Севастополь аймагын анда жасалма референдум өткөрүү менен Орусия өзүнө кошуп алган. Украина жана дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрү бул референдумду тааныган эмес жана процессти аннексия деп эсептейт.

2022-жылдын башында Орусия Украинага кол салгандан кийин Кремль өз планында жаңы аннексия жок экенин маалымдаган. Кийинчерээк ар кайсы катмардагы орус аткаминерлери басып алынган аймактарда референдум өткөрүп, Орусияга кошуп алуу чакырыктарын таштап келатышат. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG