Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:23

Талас: Күйдүргүдөн улам Шекер айылында карантин киргизилди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кара-Буура районунун Көк-Сай айылына кошуна Шекер айылына ветеринардык чектөөлөр киргизилди. Шекер айыл өкмөтүнүн башчысы Канат Чомотоевдин "Азаттыкка" билдиргени боюнча, чектөөнүн адамдарга тиешеси жок.

"Айылдын кире беришине ветеринардык пост коюлду. Эртең мал базар болот, ошого байланыштуу айылдагы малды сыртка чыгарбайбыз. Базарга да жөнөтпөйбүз. Ошондой эле сүт менен этти да айылдан алып чыгууга убактылуу чектөө киргиздик", - деди Чомотоев.

14-июлда Кара-Буура районунун Көк-Сай айылында төрт адам күйдүргүгө шек саналып ооруканага жаткырылган. Алардын биринчи тапшырган анализдери таза чыкканы айтылган. Ал эми союлган малдын этин алган он үй-бүлөдөгү 53 адам көзөмөлдө турат.

Ветеринарлар союлган малдын эти толук жок кылынганын кабарлады.

Күйдүргү - кишиге малдан жуга турган жугуштуу оору. Көбүнчө терини, ичеги-карынды, өпкөнү жабыркатат. Бул оору менен ылаңдаган малдын сөөгү өрттөлүп, терең казылган чуңкурга көмүлүп, бети бетондолуп, айланасы тосулууга тийиш. Оорунун очогу 100 жылга чейин ачылбай, адистер жылына эки ирет дезинфекциялап турушу зарыл. ( MKt)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG