Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:21

Милиция мектептеги даават боюнча кылмыш ишин козгоодон баш тартты


Кыргызстандык дааватчылар. Нарын облусу. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандык дааватчылар. Нарын облусу. Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкектин Ленин райондук ички иштер башкармалыгы Ак-Өргө жаңы конушундагы мектепте даават жүргүзгөн окуя боюнча иликтөө иштери аяктаганын маалымдады. Ага ылайык, диний үгүттөө жүргүзгөн делген дин ишмери жана ага катышкан мугалимдер суралып, соттук-диний экспертиза дайындалган.

"Экспертизанын жыйынтыгында дин ишмеринин мектептеги айткан сөздөрүндө диний кастыкты козутуу аракеттери аныкталган жок", - деп жазылган маалыматта.

Ошол себептүү милиция бул иш боюнча кылмыш ишин козгоодон баш тарткан.

Социалдык тармактарда Кыргызстандагы диний ишмерлердин бири Ак-Өргө жаңы конушундагы мектептердин бирине барып, даават кылганы тууралуу маалыматтар жарыяланган. Кийин сөз болгон дин ишмери айтылгандар боюнча жооп берип, "мектептерде ыплас иштерди кылууга болбой турганын" түшүндүргөнүн айрымдар туура эмес кабыл алышканын айтып чыккан.

Кыргызстандын Баш мыйзамында дин мамлекеттен тышкары деп жазылган. Динди мектептерде, окуу жайларында жайылтып, үгүт жүргүзүүгө жана даават кылууга тыюу салынат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG