Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:58

Жогорку окуу жайларына кабыл алуу беш айлампа менен өтөт


Абитуриенттер. (архивдик сүрөт)
Абитуриенттер. (архивдик сүрөт)

Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына караганда, 2022-2023-окуу жылына жогорку окуу жайларына абитуриенттерди каттоонун биринчи айлампасы 18-июлда башталып, 20-июлда бүтөт.

  • Экинчи айлампа - 25-27-июлда;
  • Үчүнчү айлампа - 1-8-августта;
  • Төртүнчү айлампа - 8-10-августта;
  • Бешинчи айлампа - 15-20-августта.


Документтер онлайн кабыл алынат. Жогорку окуу жайына тапшыруу үчүн сынакка катышууга "Абитуриент Online" сайтына каттоого туруу керек. Ушул эле сайтта окууга өткөн абитуриенттердин тизмеси жарыяланат. Алар ошол окуу жайына окуй турган каалоосун ырастоого тийиш.

Министрликтин маалыматына караганда, беш айлампада толбой калган бош орундарга 22-23-24-август күндөрү кошумча тизмелер жарыяланат.

Билим берүү жана илим министрлиги быйылкы окуу жылында жогорку окуу жайларында 6 миң бюджеттик орун даярдалганын, алар негизинен педагогикалык багыттагы факультеттерде болорун маалымдаган.

Быйылкы окуу жылында 68 миңден ашуун улан-кыз мектепти бүтүрдү.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG