Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:58

Орусиядагы "ыктыярдуу мобилизация"


Орусиячыл күчтөр.
Орусиячыл күчтөр.

Украинанын борбордук бөлүгүндөгү Винница шаарына жасалган орус армиясынын соккулары 20дай кишинин өмүрүн алды. Жергиликтүү басылмалар Орусиянын аймактарында армияга "ыктыярдуу мобилизация" жүрүп жатканын жазып жатышат.

Винница шаарына 14-июлда жасалган орус армиясынын соккусунан набыт болгондор арасында наристе да бар. Ондогон адам жараат алды. Бул тууралуу Украинанын Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик кызматы кабарлады.

Украинанын президенти Владимир Зеленский окуядан кийин тараткан билдирүүсүндө Орусияны “киши өлтүргүч” жана “террорчу өлкө” деп атады.

"Күн сайын Орусия карапайым тургундарды, украин балдарын өлтүрүп, эч кандай аскердик позиция жок жерде жарандык объектилерге ракета менен соккуларды уруп жатат. Бул ачык теракт эмей эмне?", -деди Зеленский.

370 миң калкы бар Винница Украинанын борбордук бөлүгүндө жайгашкан тарыхый шаар катары саналат.

Орусия көптөгөн видео далилдерге карабай жайкын тургундарга атайлап сокку урганын моюнуна албай келет. Москва бир гана аскердик объектилерди бутага алганын айтууда.

Винница шаарына жасалган орус армиясынын соккусунан мерт кеткендердин арасында наристе да бар. 14-июль, 2022-жыл.
Винница шаарына жасалган орус армиясынын соккусунан мерт кеткендердин арасында наристе да бар. 14-июль, 2022-жыл.

Орусиядагы "ыктыярдуу мобилизация"

Кремль Орусиянын аймактарына согушка катыша турган ыктыярчылардын батальондордун түзүү тапшырмасын бериши мүмкүн.

Бул тууралуу баш кеңсеси Вашингтондо жайгашкан Согушту иликтөө институту жазды. Орусиялык блогер жана аскердик кабарчы Максим Фомин дагы Орусияда "ыктыярдуу мобилизация" башталганын айтып чыкты.

Орус маалымат каражаттарынын билдирүүсүндө, аймактык бийликтер 50 жашка чейинки эркектерди алты айлык келишим менен армияга алып, аларга айына 220дан 350 миң рублга чейин айлык сунуштап жатат.

Согушту иликтөө институтунун эксперттеринин эсебинде, эгер ар бир аймактан 400 адамдан турган бир батальон түзүлсө, мындай "ыктыярчылардын" саны 34 миңге чейин жетиши мүмкүн.

Буга чейин укук коргоочулар Орусияда аскерге жарактуу эркектерди согушка тартуу же жарыяланбаган "жылма мобилизация" жүрүп жатканын айтып келишкен. Кремль мындай дооматтарды четке каккан.

Ал арада Евробиримдикке мүчө мамлекеттердин тышкы иштер жана юстиция министрлери орус аскерлеринин Украинада жасаган ыктымал согуш кылмыштарын талкуулоо үчүн 14-июлда Гаагага чогулушту. Жыйынга украин тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба барды, ал эми Зеленский онлайн катышты.

Ал Орусиянын Украинага кол салышын иликтеген "атайын трибунал" түзүүгө чакырды.

Украинадан дан экспорттоо маселеси

Орусия менен Украинанын өкүлдөрү 13-июлда Стамбулда жолугуп, согуштук кырдаалда туңгуюкка кептелген дан экспортун жөнгө салуу маселесин сүйлөштү. Катышуучулардын айтымында, Түркия жана БУУнун ортомчулугу менен өткөн сүйлөшүүлөрдө кандайдыр бир жылыш байкалган. Сүйлөшүү кийинки жумада уланарын уюмдун баш катчысы Антониу Гуттериш билдирди.

"Дүйнө глобалдык кризиске чулганган маалда бүгүн бизде үмүттүн шооласы пайда болду. Ачарчылыкты жана адамзат баткан азапты жеңилдетүүнүн, өнүгүп бараткан өлкөлөрдү жана калктын аялуу катмарларын колдоо үмүтү пайда болду",-деди ал.

Wall Street Journal басылмасы өз булактарына таянып, дан экспорту кийинки аптадан тартып жанданышы мүмкүн экенин жазды.

Түркиянын коргоо министри Хулуси Акар сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында эң маанилүү кадам жасалганын айтты. Ал эми Би-Би-Си дүйнөлүк кызматы өз булактарына таянып, акыркы чечимди 19-июлдан мурда күтүүгө болбостугун жазды. Бул күнү Тегеранда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Түркиянын лидери Режеп Тайып Эрдоган жолугат.

Киевдин баамында, ушу тапта 25 миллиондой тонна дан порттордо бөгөттөлүп калган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG