Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:06

Орусия Bellingcat жана The Insider иликтөөчү басылмаларына тыюу салды


Орусиянын Башкы прокуратурасы
Орусиянын Башкы прокуратурасы

Орусиянын Башкы прокуратурасы эл аралык иликтөөчү Bellingcat жана The Insider долбоорлорунун ишмердүүлүгү орус жергесинде жагымсыз деп тапты. Бул тууралуу мекеменин сайтында жарыяланды.

Прокуратура мындан сырткары Чехияда катталган Борбордук жана Чыгыш Европанын укуктук демилгелери институтун (CEELI Institute) да ушул топко кошту. Орган алардын иши “Орусия Федерациясынын конституциялык түзүмүнө жана коопсуздугуна коркунуч жаратат” деп белгиледи.

Мекеме кабыл алынган чечим тууралуу маалыматты атайын реестрге киргизүү үчүн Орусиянын Юстиция министрлигине жиберди. Ишмердүүлүгү жагымсыз деп аталгандардын тизмесинде учурда 56 уюм бар. Бул тизмеге киргендердин Орусиянын аймагындагы бардык ишмердүүлүгүнө тыюу салынат, аны менен кызматташкандага кылмыш иши козголуп, камакка алынат.

Bellingcat – ачык маалыматтардын жана социалдык түйүндөрдүн негизинде иликтөө жүргүзгөн иликтөөчүлөрдүн жана жарандык журналисттердин эл аралык көз карандысыз командасы. The Insider – журналисттик иликтөөлөргө басым жасаган интернет-басылма. Эки долбоор тең Орусияда “чет элдик тыңчы” деп табылган.

Bellingcat менен The Insider оппозиционер Алексей Навальныйга кол салуу, саясатчы Борис Немцовдун өлтүрүлүшү, Скрипалдардын жана жазуучу Дмитрий Быковдун ууланышы боюнча иликтөөлөрдү чыгарышкан. Учурда эки басылма тең Украинадагы согушту активдүү чагылдырып жатат. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG