Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:10

Акыйкатчы Ала-Букада ыдык көргөн секелектин видеосун таратпоого чакырды


Атыр Абдрахматова.
Атыр Абдрахматова.

Омбудсмен Атыр Абдрахматова Ала-Бука районундагы сексуалдык ыдык көргөн беш жаштагы кыздын видеосун таратпоого чакырды. Акыйкатчы бул тууралуу Фейсбуктагы баракчасында видео кайрылуу жасады.

“Тилекке каршы азыр ыкчам маалымат келди, тергөөчүнүн гана колунда болгон видео социалдык тармактарга тарап кетиптир. Сураныч, бул видеону таратпаңыздар, анткени баланын укугун коргошубуз керек. Алдын ала маалымат боюнча бул видео тергөөчүнүн гана колунда болгон. Тергөөчүнү жоопко тартууга аракет кылабыз. Баланын кызыкчылыгын коргошубуз керек”, - деди Абдрахматова.

Азырынча Ала-Бука райондук милициясы акыйкатчынын билдирүүсүнө комментарий бере элек.

13-июлда Ала-Бука райондук милициясы беш жашар кызга сексуалдык ыдык көрсөттү деп шек саналган 40 жаштагы киши камакка алынганын маалымдаган. Факт райондук ички иштер бөлүмүнүн (РИИБ) бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш кодексинин 158-беренеси ("Ыплас аракеттер") менен кылмыш иши козголгон.

Соңку жылдары педофилияга байланыштуу фактылар көп катталууда. Ушул тапта Свердлов райондук соту 13 жаштагы кызды зордуктаган үч адамдын (экөө милиция кызматкери) ишин жабык карап жатат. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG