Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:19

Кыргызстан Интерпол аркылуу 650дөн ашык кишини издеген


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын укук коргоо органдарынын демилгеси менен ар кандай кылмышка айыпталган 650дөн ашык киши Интерпол уюму аркылуу эл аралык издөөгө алынган. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Кыргызстан Эл аралык кылмыш полициясына 1996-жылдын 23-октябрында кошулган. Кыргыз өкмөтү 1997-жылы 18-июлда Ички иштер министрлигинде 8 кызматкерден турган Интерполдун Улуттук Борбордук бюросу түзүлгөн. Бүгүн, 15-июлда Интерполдун Улуттук борбордук бюросунун (УББ) кызматкерлери кесиптик майрамын белгилеп жатат.

Кыргызстан Интерполго мүчө 195 өлкөнүн 40ы менен бардык багыттар боюнча кызматташат. (TSh)

XS
SM
MD
LG