Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:27

Путин Роскосмостун жетекчиси Дмитрий Рогозинди кызматтан алды


Владимир Путин менен Дмитрий Рогозин. Архивдик сүрөт.
Владимир Путин менен Дмитрий Рогозин. Архивдик сүрөт.

Орусиянын президенти Владимир Путин Роскосмос мамлекеттик корпорациясынын жетекчиси Дмитрий Рогозинди кызматтан алды. Анын ордуна мурдагы вице-премьер Юрий Борисов дайындалды. Тиешелүү жарлыктар Кремлдин сайтында жарыяланды.

Борисов өзү вице-премьерлик кызматтан ушунун алдында эле алынган. Мурдараак орусиялык бир нече гезиттер өз булактарына таянуу менен ушундай орун алмашуу болорун жазып жатышкан.

"Ведомости" гезитинин булагы Рогозин Донбассты координациялоого бекилиши мүмкүндүгүн айткан. "Медуза" басылмасы ал мындай милдетти президенттик администрациядагы кызмат орунда туруп аткарарын белгилеген. "Московский комсомолец" гезити болсо Дмитрий Рогозин Орусиянын аскерлери басып алган Украинанын бир аймагына жетекчи болуп барарын жазган.

Рогозин Роскосмостун башчылыгына 2018-жылы вице-премьерлик кызматтан өткөн. Анын тушунда мамлекеттик корпорация космоско болгон коммерциялык учуруулардын көбүнөн кол жууган, космонавттарды орбитага чыгарууда монополисттигинен айрылган. Орусия Украинага кол салгандан кийин Европа космостук агенттиги Роскосмос менен мамилесин үзгөн.

Юрий Борисов 2018-жылы да Дмитрий Рогозин бошоткон вице-премьерлик орунга барган. Бул кызматта ал космостук тармакты жана коргонуу өндүрүшүн координация кылчу. Ага чейин коргоо министринин, өндүрүш жана соода министринин орун басары болгон.

Дмитрий Рогозин интернетте чуулуу пикирлери менен таанымал. Ал Орусиянын жана Путиндин таламын талашып башка өлкөлөргө жана чет элдик саясатчылардын наамына ар кандай билдирүүлөрдү жасап турат. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG