Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:32

Зеленский Орусияны эртерээк “террорчу-мамлекет” деп таанууга чакырды


Владимир Зеленский
Владимир Зеленский

Украинанын президенти Владимир Зеленский өнөктөш мамлекеттерден аларга кол салуусун улантып жаткан Орусияны мүмкүн болушунча эртерээк “террорчу мамлекет” деп таанууга жана Москвага каршы жаңы санкцияларды салууга чакырды. Бул тууралуу ал Винница шаарында орус ракеталарынан улам ондогон адамдар өлгөндөн кийинки түнкү кайрылуусунда айтты.

“Бул күн Орусия расмий түрдө террорчу мамлекет деп таанылышы керектигин дагы бир жолу далилдеди. Дүйнөдөгү эч бир мамлекет Орусия сыяктуу террордук коркунуч жаратпайт. Тынч шаарларга жана кадимки адамдардын жашоосуна бир дагы мамлекет күн сайын канаттуу ракеталар менен жана реактивдүү артиллериялар менен кол салбайт”, - деп белгиледи Зеленский.

14-июлда Украинанын Винница шаарында Орусиянын ракеталык соккусунан 23 киши, анын ичинде үч жаш бала өлдү. Дагы 39 кишинин дайыны изделип жатат. 117 киши жабыркаган, 34ү оор абалда, бешөө өтө оор абалда турат.

Украин президенти Владимир Зеленский окуядан кийин тараткан билдирүүсүндө Орусияны “киши өлтүргүч” жана “террорчу өлкө” деп атады. Буга байланыштуу Винница облусунда аза күтүү жарыяланды.

Винница Украинанын борбордук бөлүгүндө жайгашкан шаар жана учурда эки тарап согушуп жаткан фронттун линиясынан кыйла эле алыс турат. Орусия бүткүл Украинанын үшүн алып туруу үчүн согуш жүрүп жаткан линиядан алыста турган шаарларды да улам-улам аткылап жатат. Июндун аягында Кременчуг шаарындагы соода дүкөнүнө урулган соккудан 20дан ашык киши өлгөн, аз күн мурда Часов Ярга жасалган чабуулдан 50дөй адам мерт болду.

Бириккен Улуттар Уюмунун эсебинде, Орусия Украинага кол салган февраль айынан бери бул өлкөдө беш миңден ашык жайкын тургун өлдү. Орус күчтөрү калктуу жайларды аткылаганын төгүндөп келет. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG