Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:04

Талас: эки кишинин алдын ала анализинен күйдүргү аныкталды


Сүрөттүн жаңылыкка тиешеси жок.
Сүрөттүн жаңылыкка тиешеси жок.

Кара-Буура районунун Көк-Сай айылынан күйдүргүгө шек саналып ооруканага түшкөн төрт адамдын алдын ала анализдеринин жыйынтыгы менен алардын экөөнө оору жукканы аныкталды. Бул тууралуу райондун санитардык-эпидепиологиялык көзөмөлдөө бөлүмүнүн башкы дарыгери Элина Качыбекова "Азаттыкка" билдирди. Азыр алар менен байланышта болгон 53 киши ооруга каршы алдын алуучу дарыларды алууда.

Ооруканада жаткан бейтаптардын абалы жакшы.

Буга чейин Кара-Буура районунундагы Көк-Сайга жанаша жайгашкан Шекер айылына ветеринардык чектөөлөр киргизилгени белгилүү болгон. 1-августка чейин бул айылдардан мал алып чыгууга, алып кирүүгө жана союуга тыюу салынганын Көк-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы Болот Стамкулов билдирди.

14-июлда Кара-Буура районунун Көк-Сай айылында төрт адам күйдүргүгө шек саналып ооруканага жаткырылган. Алардын биринчи тапшырган анализдери таза чыкканы айтылган. Ал эми союлган малдын этин алган он үй-бүлөдөгү 53 адам көзөмөлдө турат. Ветеринарлар союлган малдын эти толук жок кылынганын кабарлады.

Күйдүргү - кишиге малдан жуга турган жугуштуу оору. Көбүнчө терини, ичеги-карынды, өпкөнү жабыркатат. Бул оору менен ылаңдаган малдын сөөгү өрттөлүп, терең казылган чуңкурга көмүлүп, бети бетондолуп, айланасы тосулууга тийиш. Оорунун очогу 100 жылга чейин ачылбай, адистер жылына эки ирет дезинфекциялап турушу зарыл. (MKt)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG