Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:56

Шри-Ланканын премьер-министри президенттин милдетин аткаруучу болду


Шри-Ланканын премьер-министри Ранил Викрамасингхе
Шри-Ланканын премьер-министри Ранил Викрамасингхе

Шри-Ланканын премьер-министри Ранил Викрамасингхе өлкөнүн президентинин милдетин аткаруучу кызматына киришти. Бул тууралуу англис тилдүү жергиликтүү Ceylon Today басылмасы кабарлады.

Ал бул кызматты парламент жаңы президентти шайлаганга чейин ээлеп турат. Жаңы мамлекет башчыны шайлоо келерки аптага дайындалган.

Шри-Ланканын борбор шаары Коломбодо 9-июлда нааразылыкка чыккан митингчилер президенттин резиденциясын жана башка бир катар өкмөттүк имараттарды ээлеп алышкан. Мамлекет башчысы Готабая Ражапакса коопсуз жерге чыгарылып кеткен жана парламенттин талабы менен кызматын 13-июлда тапшырып берүүгө макул болгон. Бул күнү эртең менен ал акцияга чыккандардын талабына ылайык кызматын тапшырбай, өлкөдөн качып кеткен.

14-июлда Ражапакса Сингапурдан парламенттин спикерине электрондук почта аркылуу арызын жөнөтүп, кызматын тапшырганын жарыялаган.

Ал кызматтан кеткенге чейин эле премьер-министр Ранил Викремесингхе өзүн президенттин милдетин аткаруучу деп жарыялап, өлкөгө өзгөчө абал режимин киргизгенин маалымдаган. Демонстранттар премьердин өзүнүн да кызматтан кетишин талап кылып, зарыл болсо Коломбодогу өкмөт үйүн басып аларын жарыялашкан. Мындан кийин Викремесингхе да милдетин спикерге өткөрүп берүүгө даяр экенин билдирген.

22 миллионго чукул калкы бар Шри-Ланкада нааразылык акциялары быйыл жыл башынан бери уланып келе жаткан. Өлкөнүн экономикасы ушу тапта болуп көрбөгөндөй кыйынчылыкты башынан өткөрүүдө. Мамлекетте жумушсуздук күч алып, тамак-ашка жетишпеген катмар арбыган. Дары-дармек, айрым азыктар жетишсиз болуп, валюталык резерви түгөнгөн, өлкө тышкы карызын төлөй албай, дефолтко кабылган. Инфляция 54,6%га жетип, тышкы карыз 51 долларды түзүп калган.

Шри-Ланка - Индиянын жанындагы чакан аралчадагы мамлекет. Мурда Британ империясынын колониясы болгон өлкө 1948-жылы көз карандысыздык жарыялаган. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG