Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:45

Ошто "Биринчи турак жай" кооперативинин башчысы камалды


Жаңы курула баштаган көп кабаттуу турак жай. Кыргызстан.
Жаңы курула баштаган көп кабаттуу турак жай. Кыргызстан.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгы "Биринчи турак жай" кооперативинин башчысы И. Б. алдамчылыка шек саналып кармалганын билдирди. Милиция тараткан маалыматка ылайык, аталган кооперативге байланыштуу жазылган арыздар ушул жылдын март айынан тартып иликтенип-тергелип жаткан. Ушул тушта материалдык чыгым болжол менен 18 миллион сомдон ашык деп эсептелди.

Ошто аталган турак жай кооперативине байланыштуу нааразылык акциялары өткөн.

Шаардык ички иштер башкармалыгы "Биринчи турак жай" кооперативине акча берип, үй же салган акчасын ала албай жүргөн жарандарды милицияга кайрылууга чакырды.

Турак жай кооперативинин өкүлдөрү азырынча комментарий бере элек.

Ушул аптанын башында Бишкекте "Ихсан" турак жай кооперативинин жетекчиси Акинай Бекмурзаева камалып, сот аны 8-сентябрга чейин абакта калтырган.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) ага Кылмыш кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) жана 210-беренеси (ишенип берилген мүлктү ээлеп алуу же коротуу) менен айып тагылганын билдирген. Баштапкы эсептөөлөргө ылайык, зыяндын өлчөмү 121 миллион сомдон ашык деп көрсөтүлгөн.

ИИМдин маалымдашынча, жыл башынан бери турак жай кооперативдеринин ишмердүүлүгү боюнча 73 кылмыш иши козголуп, 37 материал сотко жөнөтүлгөн.

Кыргызстанда канча турак жай кооперативи бар экени белгисиз. Бейрасмий маалыматтарга ылайык, алардын саны 70тин тегерегинде.

Буга чейин Улуттук банк элден каржылык салым чогултуп, анын үстүнө акча кошуп үй алып берүүнү убада кылган ишмердик каржылык пирамиданын элементтерине окшош экенин эскерткен.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG