Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:05

ЕБ Албания менен Түндүк Македонияны кабыл алуу боюнча сүйлөшүү баштады


ЕБнин кеңешинде төрагалык кылып жаткан Чехиянын премьер-министри Петр Фиала, Албаниянын премьер-министри Димитар Ковачевски, Түндүк Македониянын премьер-министри Эди Рама, Еврокомиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйен. Брюссель, Бельгия. 19-июль, 2022-жыл.
ЕБнин кеңешинде төрагалык кылып жаткан Чехиянын премьер-министри Петр Фиала, Албаниянын премьер-министри Димитар Ковачевски, Түндүк Македониянын премьер-министри Эди Рама, Еврокомиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйен. Брюссель, Бельгия. 19-июль, 2022-жыл.

Европа Биримдиги (ЕБ) Албания менен Түндүк Македонияны мүчөлүккө кабыл алуу боюнча сүйлөшүүлөрдү баштады. Бул тууралуу 19-июлда Еврокомиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйен билдирип, муну "тарыхый учур" деп атады.

Мындай кадамды жарандар көп жылдан бери күтүшкөнүн, алар мунун үстүнөн катуу иштешкенин айтты. Ошондой эле жараяндын башталышы менен Албаниянын жана Түндүк Македониянын премьер-министрлери Эди Рама менен Димитар Ковачевскини куттуктады.

18-июлда уюмдун 27 мүчө-мамлекети Батыш Балкандагы аталган эки өлкө менен аларды уюмга кабыл алуу боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоого макулдук беришкен.

Евробиримдикке кирүүгө дээрлик 20 жылча мурда талапкер болгон Македония ЕБге кирүү үчүн арыз берген учурда алгач Грекия вето койгон. 2019-жылы алар менен талашын чечкенден кийин бул өлкө өзүнүн аталышына Түндүк деген сөздү кошкон. Натыйжада ЕБге жана НАТОго кошулууга даярдыкты баштаган.

2020-жылы тарых жана тил маселелери боюнча талашка байланыштуу Түндүк Македонияны Евробиримдикке кошуу боюнча сүйлөшүүлөргө коңшу Болгария вето койгон. Узак сүйлөшүүлөрдөн кийин быйыл июнда Болгария өз ветосун чакыртып алды.

Болгария Түндүк Македониядагы болгар азчылыгын этникалык албандар сыяктуу Конституция аркылуу таануу маселесин да талап кылган. Евробиримдикте 2007-жылдан бери мүчөлүк кылган Болгария мындан сырткары Түндүк Македониядан алардын тилинин түбү болгар тилине барып такаларын расмий түрдө моюнга алуусун талап кылган. Тараптар 17-июлда Франция сунуштаган мунасага кол коюшту. Анда болгар азчылыгы тууралуу сунуш кабылданып, болгар тили тууралуу талап каралбаганы айтылды.

Албания 2014-жылдан бери талапкер болгону менен биримдикке кошула элек болчу. Анын бийлиги жараяндын узарып кеткенин сындап келатышкан.

Евробиримдик июнда Украина менен Молдовага уюмга кирүүгө талапкер макамын берген. Бул Орусиянын Украинага кол салуусунун фонундагы шашылыш жараян болуп калды. Кийинчерээк уюмдагы беш өлкө - Австрия, Венгрия, Чехия, Словакия жана Словения Босния жана Герцеговинага ЕБге кошулууга талапкер макамын берүүнү сунуштаган. (ErN)

XS
SM
MD
LG