Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:25

"Ажырашсаң өлтүрөм". Күйөөсү бычактаган келиндер


Аялдарга зомбулукка каршы акциядагы плакат. 8-июль, 2022-жыл.
Аялдарга зомбулукка каршы акциядагы плакат. 8-июль, 2022-жыл.

Кыргызстанда эки күндө эки келинди күйөөсү бычактоого шек саналган окуя катталды. Жараат алган келиндер ооруканада оор абалда жатат. Укук коргоочулар кыз-келиндерге жакындары кол салып, зомбулук көрсөткөн учурлар көбөйүп жатканына кабатыр.

16-июль күнү кечке жуук Аламүдүн базарында 38 жаштагы келин бычакталып, ооруканага түшкөн. Милициянын маалыматына ылайык денесинин 16 жерине бычак урулган келинди "Тез жардам" кызматы оор абалда Улуттук хирургия борборуна жеткирген. Аны бычактоого шек саналган адам кармалып, камалды.

"Ажырашам" дегени үчүн бычакталган

Келиндин жакындарынын айтуусунда ал күйөөсү менен бир жылдан ашуун убактан бери таарынышып жүргөн.

"Жездем эжеме билдирбей, экинчи аял алган экен. Былтыр жазында эжем айылга кетсе, экинчи аялын үйүнө, балдарынын үстүнө алып келип жашап жүрүптүр. Эжем аны угуп, "ажырашам" деп кетип калган. Ошол боюнча чогуу жашабайт эле. Бирок жездем базарга улам келип, эжемди сөгүп, коркутуп кетип жүргөнүн соода кылгандардын баары билет".

Сиңдисинин айтуусунда эжеси күйөөсү менен расмий ажырашуу максатында сотко кайрылган. Сот жараяны 18-июлга белгиленген экен.

"Жездем мурда да келип, "арызыңды ал" деп коркутуп жүрчү. Акыркы жолу төрт-беш күн мурда келип, 17сине чейин арызыңды албасаң, мууздап кетем" деп коркутканын эжем телефонуна тартып алыптыр. Аны биз деле укканбыз, бирок мынчалыкка барат деп ойлогон эмес элек".

Жакындарынын айтуусунда окуя 16-июлда кечинде, базар жабылып жаткан маалда болгон. Келин кечке соода кылган контейнерин жаап, кетүүгө камынып жатканда күйөөсү келип, кол салган дешет алар. Алардын сөзүнө караганда, бычак урган адамды базардагы соодагерлер кармап, милицияга өткөрүп берген. Ал эми келинди базарга башка адамдын чакыруусу менен келип калган "Тез жардам" автоунаасы ооруканага жеткирген.

"Бычак өпкөсүн жана ашказанын кесип кеткен"

Келинге ошол эле күнү операция жасалган. Дарыгер Айбек Туташевдин "Азаттыкка" билдиргени боюнча, учурда абалы туруктуу оор.

Айбек Туташев.
Айбек Туташев.

"16-июлда мен нөөмөттө элем. Келин бизге эсин жоготкон абалда келген. Ашказаны жана өпкөсү көбүрөөк жабыркаган. Дагы он төрт жеринде бычактан алган жарааттары болгон. Ошол замат токтоосуз операция жасалды. Азыр абалы туруктуу оор. Эсине келди, кечээтен бери тамак ичип жатат. Бүгүн бир аз бастырууга аракет кылдык. Алсыз болгондуктан, кадам шилтей алган жок".

Жакындарынын айтуусунда бычак жеген келин менен күйөөсүнүн ортосунда үч баласы бар. Улуусу мектептин бүтүрүүчү классында окуса, кичүүсү жаңы эле мектеп босогосун аттаган.

Келинди бычактоого шектүү Свердлов райондук сотунун чечими менен эки айга камакка алынды. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатканын ИИМдин кайгуул-күзөт башкармалыгынын басма сөз катчысы Байказы Айткул уулу "Азаттыкка" билдирди.

Байказы Айткул уулу.
Байказы Айткул уулу.

"Кылмышка шектүү катары бычакталган аялдын күйөөсү кармалды. Бул окуя боюнча Свердлов райондук ички иштер бөлүмүндө Кылмыш кодексинин "Адам өлтүрүүгө аракеттенүү" беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, сотко чейинки өндүрүшкө алынды".

Келинди бычактоого шек саналып жаткан адамдын жакындары менен байланышуу аракетибиз оңунан чыкпады. "Азаттык" алардын да жүйөсүн угуп, коомчулукка чыгарууга даяр.

Күйөөсү бычактаган келиндин абалы оор
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:11 0:00

"Аял менчик буюм эмес"

17-июлда Кочкор районунда 43 жаштагы жергиликтүү тургун 33 жаштагы аялы менен уруша кетип, ага ашкана бычагын шилтегени кабарланды. Милициянын маалымдашынча, денесинен жараат алган келин Кочкор райондук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Көп өтпөй күйөөсүнүн сөөгү Кочкор районунун токой чарбасына тиешелүү бакчадан “асынган абалда” табылган.

Мурдараак Сузак районунун тургуну төрт жыл мурун ажырашып кеткен аялын өлтүрүп, сөөгүн көөмп койгон деген шек менен кармалып, камалган.

Аялдарга зомбулуктун, анын ичинде жакындарынын зомбулугу күч алганын укук коргоочулар тынчсыздануу менен айтып келет.

Адвокат Мухайе Абдураупова буга дагы деле болсо коомчулукта аялды эркектин менчигиндей көргөн түшүнүк жашап келе жатканы негизги себеп деген пикири менен бөлүштү.

Мухайо Абдураупова.
Мухайо Абдураупова.

"Кыздар кичинекейинен чектөөнүн ичинде өсөт. Аларды атасы, агасы, жада калса өзүнөн кичүү иниси тыят. Коңшулары, туугандары да кыздын жүрүм-турумуна кийлигишип, тыйганга аракет кылат. Кызга башка айылдык жигит менен сүйлөшүүгө да уруксат берилбей, кокус келип калган жигитти массалык түрдө сабаган учурлар катталган. Ошол эле кыз күйөөгө тийгенде күйөөсү аны өзүнүн менчигиндей көрүп, каалагандай мамиле кылсам болот деп ойлойт. Зордугуна, кылган мамилесине чыдабай ажырашып кеткен аялдын да артынан түшүп, кызганып, кордук көрсөткөн эркектер азыр четтен чыгат. Менин адвокаттык тажрыйбамда тилекке каршы мндай иштер өтө көп кездешет".

Ички иштер министрлигинин маалымдашынча, 2021-жылы үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 10 миң 151 факты катталган. Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркагандарга 9038 убактылуу коргоо ордери берилсе, анын 8463ү аялдарга, 264ү жашы жете электерге берилген.

2022-жылдын биринчи беш айында эле өлкөдө расмий катталган үй-бүлөлүк зомбулук фактылары 3988ге жетти.

Зомбулук айлампасы: ур-токмокко чыдаган аялдар
please wait

No media source currently available

0:00 0:33:03 0:00

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG