Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:24

Кыргызстанга Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлери келе баштады


Касым-Жомарт Токаев Кыргызстанга келди. 20-июль, 2022
Касым-Жомарт Токаев Кыргызстанга келди. 20-июль, 2022

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 20-21-июлда Чолпон-Ата шаарында өтүүчү Борбор Азия мамлекет башчыларынын кеңешме жыйынына катышуу үчүн Кыргызстанга келди. Аны "Ысык-Көл" эл аралык аэропортунда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алганын өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. Андан кийин Чолпон-Атага өзбек премьери Шавкат Мирзиёев келди.

Маалыматка караганда, жолугушуунун алкагында бир катар документтерге кол коюу, ошондой эле эки тараптуу жолугушууларды өткөрүү пландалууда.

21-июлда Чолпон-Атада Борбор Азия лидерлеринин жыйыны өтөт. Мунун алдында бүгүн, 20-июлда Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин төрагалыгы алдында Борбор Азия мамлекеттеринин тышкы иштер министрлеринин кеңешмеси болду. Ушул эле күнү президент Садыр Жапаров Казакстан, Тажикстандын тышкы иштер министрлери Мухтар Тлеуберди, Сирожиддин Мухриддин жана Өзбекстандын тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Владимир Норов, Түркмөнстандын элчиси Шадурды Мередовду кабыл алды.

Мамлекет башчынын маалымат кызматы кабарлагандай, жыйынга төрт президент - Касым-Жомарт Токаев, Эмомали Рахмон, Сердар Бердымухамедовдун да келери күтүлүп жатат. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG