Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:50

Бердымухамедов: Аймактагы туруктуулукту чогуу камсыздообуз керек


Сердар Бердымухамедов.
Сердар Бердымухамедов.

Чолпон-Ата шаарындагы Борбор Азия лидерлеринин саммитинде Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов аймактагы туруктуулук, ишеним тууралуу сөз кылды. Анда беш мамлекеттин Тышкы иштер министрликтери аркылуу кызматташууну күчөтүү керектигин белгиледи.

"Биз баарыбыз чогуу Борбор Азия стабилдүүлүктүн жана ишенимдин аймагы болушуна аракет жасашыбыз керек. Ушундан улам саясий жана дипломатиялык алака-катышты активдештирүү жана күчөтүү керек. Бул иштерди координациялоону биздин мамлекеттердин тышкы саясат мекемелерине жүктөп, беш тараптуу маал-маал менен жолугушууларды өткөрүү туруу зарыл. Кырдаалга өз маалында мониторинг жүргүзүп, өз ара маалымат алмашып турушубуз керек", - деди түркмөн президенти.

Ал бардык тармакта кызматташууга байланыштуу "жол картасын" даярдоо тууралуу тапшырма берүүнү сунуштады.

40 жаштагы Сердар Бердымухамедов быйыл март айында өлкөнү 16 жыл башкарган атасы Гурбангулы Бердымухамедовдон кийин бийликке келген. Бул анын Кыргызстанга алгачкы сапары.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG