Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:05

Министр Казакстанга суу келишимде көрсөтүлгөн көлөмдө гана берилип жатканын айтты


Токтогул ГЭСи.
Токтогул ГЭСи.

Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков Казакстанга суу тийиштүү гана көлөмдө берилип жатканын "Азаттыкка" билдирди. Ал кыргызстандык дыйкандардын кызыкчылыгы биринчи орунда турарын жана сугат суу боюнча аларга эч кандай чектөөлөр жок экенин айтты.

Суу ресурстары кызматынын жетекчисинин орун басары Абдыбай Жайлообаевдин айтымында, Кыргызстан Казакстандан өткөн жылы, Токтогул суу сактагычында суу азайган учурда алган 900 млн. кВт. саат энергиясын үч жылдын ичинде төлөп бермей болгон.

"Кыргызстан Казакстанга үч жылдын ичинде 300 млн. кВт. саат элекетр энергия берип, кайтарып турат. Токтогул суу сактагычынан суу агызмайынча электр энергиясы чыкпайт да. Ошондуктан 330 млн. ошол жакка агып кетет. Сөз ошол тууралуу болуп жатат", - деди Жайлообаев.

Мунун алдында Казакстандын экология, геология жана жаратылыш ресурстары министри Сериккали Брекешев сууну көбөйтүү үчүн кошуна өлкөлөр менен келишимге кол коюлганын 19-июлдагы маалымат жыйында билдирген.

Казак аткаминери Казакстан менен товар алмашуу келишиминин негизинде кошумча 330 млн. метр куб суу берүү боюнча макулдашылганын айткан.

Брекешев Кыргызстан Казакстандан алган электр энергиясын кайра кайтарарын, электр өндүрүү үчүн агызылган суу дыйкандарга берилерин белгилеген.

Буга чейин Талас облусундагы дыйкандар сугат суу тартыш болуп, эгиндери күйүп жатканын айтып "Азаттыкка" кайрылган.

Былтыр коңшу өлкөгө Токтогул суу сактагычынан кошумча суу берилгени Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 8-декабрда Нур-Султан шаарында Казакстандын ошол кездеги премьер-министри Аскар Мамин менен жолуккан учурунда ачыкка чыккан.

Мындан кийин кургакчылык маалда кошумча сугат суу берилгени Кыргызстанда талаш-талкуу жараткан. Энергетика министрлиги мындай кадам электр энергиясын алышып-беришүү тууралуу макулдашуунун негизинде ишке ашканын айткан.

"Электр станциялары" мекемесинин маалыматына караганда, Кыргызстан өткөн жылы Өзбекстандан 501,4 млн.кВт. саат, Казакстан 440 млн.кВт. саат электр энергиясын алган. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG