Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:13

Анкара украин данын экспорттоо келишимине кол коюларын билдирди


Орусия, Украина жана БУУ (Бириккен Улуттур Уюму) украин данын экспорттоо келишимине бүгүн, 22-июлда Стамбулда кол коет. Бул тууралуу Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын администрациясы кабарлады. Келишимге кол коюу иш-чарасына Эрдоган жана БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш катышарын Anadolu агенттиги жазды.

Москва кол коюлары айтылган келишим тууралуу комментарий берген жок. Кремлдин өкүлү Дмитрий Песков Стамбулдагы жолугушуу боюнча аскерлерге кайрылууну сунуштады.

Расмий Киев дагы комментарий бере элек. Гуттериштин кеңсеси БУУнун баш катчысы Түркияга учуп кеткенин ырастаганы менен келишимге кол коюла турганына толук ишене элек.

Расмий Киев жана Батыш өлкөлөрү Орусияны украин деңиз портторун басып алганы үчүн айыптап, муну дүйнөлүк рынокто дан азыктарынын бааларын көтөрүүгө жана товарлардын тартыштыгын жаратууга болгон аракет деп баалап келген.

Украин аскерлери 31-июнда Змеиный аралынан орус күчтөрүн сүрүп чыккандан кийин Киев Кара деңиздеги кырдаалды көзөмөлдөп калды. Натыйжада Орусия Украинага кол салгандан бери чет элдик кемелер дан азыктарын жүктөп кетүү үчүн июлдун башында украин портторуна биринчи жолу келген.

Украина дан азыктарын экспорттоодо дүйнөдө төртүнчү орунда турат. 2021-жылы бул өлкө дээрлик 45 миллион тонна дан жана буурчак азыктарын башкаларга саткан.

Учурда Украинада 22 миллион тоннадай дан азыктары Орусия Кара деңизди бөгөттөп турганы үчүн сыртка чыгарылбай турат. БУУнун өкүлү Маурицио Мартина мурдараак Орусиянын Украинага кол салуусунан улам ачарчылыкка кабылгандардын саны мурдагыдан 18 миллионго көбөйүп, 218 миллионго жетерин эскерткен.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG