Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:48

ТИМ эки президент кол койбой калган келишим тууралуу түшүндүрдү


Касым-Жомарт Токаев, Садыр Жапаров жана Шавкат Мирзиёев.
Касым-Жомарт Токаев, Садыр Жапаров жана Шавкат Мирзиёев.

Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Авазбек Атаханов Борбор Азия мамлекет башчыларынын төртүнчү консультативдик жолугушуусунда Тажикстан менен Түркмөнстандын президенттери кол койбой калган келишим тууралуу "Азаттыкка" түшүндүрмө берди.

Анын айтымында, эки өлкөнүн президенттери өз мамлекетиндеги ички процедуралар бүткөндөн кийин документке кол коюшат.

"Маалымат каражаттардын өкүлдөрүнөн абдан көп суроолор келип жатат. Биринчиден, саммитке катышкан мамлекет жетекчилери документке кол коюуга даяр экенин билдиришти. Бул документ кыска убакытта даярдалып, алардын ички процедуралары бүтпөй калды. Бирок алар бул процесстер бүткөндөн кийин келишимге кол коюуга даяр экенин белгилешти", - деди Атаханов.

Бирок процедуралар канча мөөнөттө бүтөрү айтылган жок.

21-июлда Чолпон-Ата шаарында Борбор Азия мамлекет башчыларынын төртүнчү консультативдик жолугушуусу өттү. Анын соңунда биргелешкен билдирүү кабыл алынды.

XXI кылымда Борбор Азияны өнүктүрүү максатында достук, ынак коңшулук жана кызматташтык жөнүндө келишимге Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Өзбекстан жана Казакстандын мамлекет башчылары Шавкат Мирзиёев менен Касым-Жомарт Токаев кол коюп, Тажикстан менен Түркмөнстандын президенттери Эмамоли Рахмон жана Сердар Бердымухамедов "өз өлкөлөрүндө ички процедуралар аяктагандан кийин" кол кое турганы айтылган.

Келишимдин акыркы варианты азырынча жарыялана элек. Бирок буга чейин Казакстандын Тышкы иштер министрлиги жарыялаган келишимдин долбооруна ылайык, кол койгон тараптар өз ара кызматташтыкты бекемдөөдөн тышкары бири-бирине кол салуудан же күч колдонуудан баш тартып, сырттан коркунуч болгондо биргеликте каршы туруу милдеттемесин алышат. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG