Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:32

Германия "Түндүк агым-2" газ куурун ишке киргизе албай турганын билдирди


"Түндүк агым-1" жана "Түндүк агым-2" газ куурларынын каратсы.
"Түндүк агым-1" жана "Түндүк агым-2" газ куурларынын каратсы.

Германиянын бийлиги "Түндүк агым-2" газ куурун ишке киргизүү учурда таптакыр мүмкүн эмес экенин маалымдады. Бул жөнүндө өлкөнүн вице-канцлери Роберт Хабек ZDF телеканалынын эфиринде айтты.

Ал долбоорду ачып жиберүү согуштагы “ак желекти көтөрүп, жеңилип берүү” менен барабар экенин билдирди. Хабектин сөзүнө караганда, Европа Орусиянын газына көз карандылыкты дагы күчөткүсү келбейт.

Орусиянын президенти Владимир Путин Тегерандагы саммиттин жыйынтыгы боюнча басма сөз жыйынында сүйлөп жатып, "Түндүк агым-1" газ кууру менен Европага көгүлтүр отун жеткирүү июлдан тартып кыскарарын эскерткен.

Путиндин сөзүнө караганда, келерки аптадан тартып орусиялык "Газпром" компаниясы газды сордурган агрегатын оңдоого жиберет. Ал мунун ордун толтуруу үчүн Германиянын бийлиги токтотуп койгон "Түндүк агым-2" газ куурун ишке киргизүүнү сунуштаган.

Орусиялык "Газпром" компаниясы 21-июлдан тартып "Түндүк агым-1" газ кууру аркылуу Германияга көгүлтүр отун жеткирүүсүн жандантты. Куур 11-июлда токтотулган жана турбиналарды оңдоо иштерине байланыштуу он күн иштебей турган.

Евробиримдиктеги өлкөлөрдүн бийликтери акыркы убакка чейин жумуштар аяктаганына карабай Орусия газды бербей коюшу мүмкүн деп чочулап келишкен. Роберт Хабек куурдун кайрадан жанданышы Орусиянын ишенимдүү өнөктөш экендигин далилдебей турганын, Москва газды баары бир Европага басым кылуучу инструмент катары колдоно бере турганын айтты.

Орусия газды Европага Украинанын аймагындагы куурлар жана Балтика деңизинин түбүндөгү "Түндүк агым-1" куурлары аркылуу алып өтчү. Киевге болгон көз карандылыкты жоюу үчүн Москва деңиз түбүнө экинчи линия катары "Түндүк агым-2" долбоорун курган. Анын курулушу 2021-жылы сентябрда бүткөн, 2022-жылы ишке берилиши керек эле. Согушка чейин анын сапатын текшерүү үчүн сертификациялоо иштери жүрүп жаткан.

Москва Донбасстагы жикчил “республикалардын” көз карандысыздыгын тааныгандан кийин Германиянын канцлери Олаф Шольц 22-февралда “Түндүк агым-2” долбоорунун сертификациясын убактылуу токтоткон. “Түндүк агым-1” долбооруна санкция салынган эмес. Биринчи газ кууру 2011-жылдан бери иштейт жана жылына 55 млрд. метр куб газ ташууга жөндөмдүү. (ErN)

XS
SM
MD
LG