Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:36

Бишкек мэриясы мыйзамсыз иштеген соода жайларын жапты


Бишкек мэриясы өткөргөн рейд.
Бишкек мэриясы өткөргөн рейд.

Бишкек шаарынын көчөлөрүндө мыйзамсыз иштеген 35 соода түйүнү жабылды. Мэриянын басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, шаардык жана райондук тийиштүү кызматтар "Ынтымак" жана "Ынтымак-2" сейил багында рейд өткөргөн.

"Көчөдө соода-сатык менен алектенгендер электр станцияларына мыйзамсыз туташып, шаардын бюджети жана электр энергиясы чыгымга учурап жатат", - деп айтылат маалыматта.

Бишкектеги бир катар эс алуу жайларында ондогон күркөлөр соода-сатык менен алектенет. Алардын көбү жер салыгын, ижара акысын төлөшөт.

Кыргыз өкмөтү экономиканын 40% көмүскөдө калганын, ошону алып чыгуу аракети көрүлүп жатканын айтып келет. (КЕ)

XS
SM
MD
LG