Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:48

Ош облустук соту Досоновду актаган чечимди күчүндө калтырды


Кадырбек Досонов. Архивдик сүрөт. 2012-жыл.
Кадырбек Досонов. Архивдик сүрөт. 2012-жыл.

Ош облустук соту Кара-Суу райондук сотунун кылмыштуу топтун лидери делген Кадырбек Досоновду актаган чечимин күчүндө калтырды. "Женго" деген каймана ат менен белгилүү Досонов боюнча мындай чечим облустук сотто 21-июлда чыкканын мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Быйыл 14-июнда Кара-Суу райондук соту “жазага тартуу мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу” деген негизде Досоновго карата Кылмыш-жаза кодексинин “Жерди мыйзамсыз басып алуу” беренеси боюнча козголгон ишти кыскарткан. Ал эми “Кылмыш жолу менен табылган кирешени адалдаштыруу” беренеси боюнча “кылмыш курамы жок” деп акталан.

Досонов 2021-жылдын 11-февралында кармалып, камакка алынган. Ошол эле жылдын декабрында Кара-Суу райондук соту аны үй камагына чыгарган, бирок “жасаган кылмышынын оордугуна жана кылмыш дүйнөсүндө ээлеген ордуна байланыштуу” деген негизде ал кайра камакка алынган.

Алгачкы жолу Досоновго издөө 2011-жылы жарыяланган. 2012-жылы Тажикстанда кармалып, Кыргызстанга алынып келген жана ага "Карактоо", "Маңзат соодасы", "Адам уурдоо" деген оор айыптар тагылган. Ош шаардык соту Досоновду актап чыгарган.

2013-жылы кайрадан издөө жарыяланып, ал камакка алынган, бир жылдан кийин Ош облустук сотунун чечими менен үй камагына чыгарылган.

2015-жылы Досоновго үчүнчү ирет издөө жарыяланып, ал ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш боюнча башкармалыгынын Оштогу бөлүмүнүн башчысы Толкунбек Шоноевди “өлтүрүүгө буйрук берген” деген негизде кармалган. Досонов өзү мындай айыптоону четке каккан жана 2017-жылы Жогорку Соттон толук акталып чыккан. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG