Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:42

Кара-Суунун айрым айылдарында он күндөн бери таза суу жок болууда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн бир нече айылында дээрлик он күндөн бери таза суу жок болууда. Жергиликтүү тургундар нааразы болуп, тиешелүү кызматтарга кайрылып жатышат.

Маалыматты Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысы Зарлык Турганбаев тастыктап, учурда элге суу жеткирүү иштери жүрүп жаткандыгын билдирди. Ал Ишкаван, Кызыл-Байрак жана Кызыл-Кыштак айылдарына таза суу берүү үзгүлтүккө учураган себеби күн катуу ысып жатканына байланыштуу экендигин айтты:

“Бул айылдарды суу менен “Ошсууканал” ишканасы камсыздайт. Акыркы учурда күн катуу ысып кеткендиктен Ош шаарынын өзүндө суу тартыш болуп, алар бизге суу берүүнү токтоткон. Ошондуктан азыр биз айылдыктарга атайын машиналар менен суу жеткирип берип жатабыз”.

Турганбаев маселени чечүү үчүн жергиликтүү бюджеттен 6,5 млн сом бөлүнгөнүн, суу чыгаруу иштери жакынкы күндөрү калыбына келерин билдирди.

Буга чейин өкмөт Кыргызстанда 1813 айыл бар экенин, анын 631инде таза суу тартыш болуп жатканын билдирген. (AAb)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG