Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:49

Ооруканада көз жумган кыздын өлүмү иликтенүүдө


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ош облусунун Араван районунда ооруканада каза болгон жети жаштагы кыздын өлүмү иликтенүүдө. Облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы 22-июлда билдиргендей, окуя 10-июлда облустук балдар ооруканасында болгон.

Дарыгерлер кызга чукул операция жасашканда ал аппендицит болгонун, сокур ичегиси жарылып, ичине ириң толуп кеткенин аныкташкан. Операциядан кийин жандандыруу бөлүмүнөн жалпы бөлмөгө чыгарылган соң кыз көп өтпөй каза болуп калган.

Кыздын туугандары алгач Аравандын прокуратурасына арызданып, райондук Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун өкүлдөрүн шалаакылыкка айыпташкан жана туура эмес дарылаганын айтып, аларга карата мыйзам чегинде чара көрүүнү суранышкан. Прокуратура арызды райондук милицияга жиберген.

Милиция териштирүү жүргүзүп, кыз 5-июлда өзүн жаман сезгендиктен ата-энеси аны райондук ооруканага алып барышканын, ал жактан жазып берген дарыларды алганда абалы убактылуу гана жакшырып, бирок жыйынтык болбогонун, 9-июлда облустук ооруканага жаткырышканын аныктады.

Факт боюнча 14 адам суралып, тийиштүү анализдер чогултулуп, Бишкек шаарына комиссиялык соттук-медициналык экспертизага жөнөтүлгөнү маалым болду.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG