Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:54

ДСУ башчысы маймыл чечегинин жайылышын өзгөчө кырдаал деп жарыялады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Дүйнөлүк саламаттык уюмунун (ДСУ) башкы директору Тедрос Гебрейесус ишембиде маймыл чечеги боюнча абалды "саламаттык сактоодогу эл аралык мааниге ээ өзгөчө кырдаал” деп жарыялады.

Уюмдун соңку маалыматына караганда, май айынан бери бул ооруну 70тей мамлекеттен 16 миңдей киши жуктуруп алган.

Гебрейесус Дүйнөлүк саламаттык уюму ич ара муну өзгөчө кырдаал деп жарыялоо боюнча бир чечимге келе албай койгондуктан, өзү жеке чечим кабыл алганын кошумчалады. Ал оорунун жугушу Европада жогору экенин белгиледи. Өзгөчө кырдаал деп жарыялоо - бул өкмөттөрдү кандайдыр бир чектөө киргизүүгө эмес вакцина өндүрүүгө каражат көбүрөөк бөлүүгө багытталат.

Маймыл чечеги кадимки чечектин (натуральная оспа) бир түрү. Ал алгач 1958-жылы маймылдардан аныкталганы үчүн ушундай аталып калган.

Вирустун түзүмү да кишинин чечегине окшош болот. Ооруну жугузуп алган киши алгач өзүн чарчаңкы сезип, булчуңдары, далысы ооруй баштайт. Андан кийин дене табы көтөрүлүп, башы ооруйт. Бездери шишийт. Көп өтпөй адамдын бетинде бүдүрлөр пайда болуп, ыйлаакчага айланып, алаканга жана таманга жайылып, дененин башка бөлүктөрүн басып кетет. Ыйлаакчалар кычышып, оорутушу мүмкүн. Оору эки же төрт жумада өзү айыгат, адам каза болгон учурлар дагы бар.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG