Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Сентябрь, 2023-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:19

Кытай курулуп жаткан космостук станциясынын экинчи модулун учурду


"Тяньгун" космостук станциясынын биринчи модулунун макети.

Кытай космосто куруп жаткан үч модулдан турган станциясынын экинчи модулун ийгиликтүү учурду. Космостук станция 2022-жылдын аягына чейин курулуп бүтөрү пландалууда.

23 тонналык лабораториялык модуль 24-июлда Хайнан аралындагы Вэньчан космос майданынан учурулду. Экинчи модуль үч бөлүктөн турат: жумушчу бөлүк, шлюз жана ресурстук бөлүк. Үчүнчү изилдөөчү модулду учуруу да быйылкыга пландалган.

Кытай станциянын негизги бөлүгүн алгачкы жолу 2011-жылы апрелде учуруп, “Тяньгун” станциясынын курулушу башталганын расмий жарыялаган.

Биринчи модулда башкаруучу, экипаж жашай турган бөлмөлөр жана илимий технологиялык изилдөө жүргүзө турган бөлүктөр жайгашкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG