Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:55

Элчилик Орусиядагы мигранттарды документтерди ала жүрүүгө чакырды


Москва шаары.
Москва шаары.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги ал өлкөнүн укук коргоо органдары текшерүү иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүп жатканын эскертти. Дипломатиялык мекеме тараткан билдирүүсүндө кыргызстандыктарды Орусиянын мыйзамдарын так сактоого жана ал өлкөдө жүрүү укугун тастыктаган документтерди алып жүрүүгө чакырган.

“Элчилик чындыкка дал келбеген маалыматтарды таратпоону өтүнөт. Бул маалымат мекендештерибизди адаштырып, тынчсыздандырып жатат”, - деп айтылат элчиликтин маалыматында.

Расмий маалымат боюнча Орусияда бир миллиондон ашуун кыргызстандык мигрант иштейт. Соңку айларда Орусиядагы эмгек мигранттары айлыгы азайып, кээде акча кечигип төлөнө баштаганын, жумуш азайганын айтып келишет. Укук коргоочулар жумушсуз калган мигранттардан көп даттануулар түшө баштаганын белгилешет. Мындай абал өзгөчө Украинадагы согуш башталгандан бери чет өлкөлүк компаниялар Орусиядан кете баштаганда түзүлдү.

Орусия борбор азиялык мигранттар иш издеп кеткен негизги багыт бойдон калууда. Айрым эксперттер ал өлкөдөгү экономикалык кризистен улам үйлөрүнө кайткан мигранттар көбөйүшү ыктымал деп эскертишет. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG