Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:34

Ошто улут, дин аралык ынтымакка үндөгөн иш-чара өттү


Ош шаарында өткөн иш-чара.
Ош шаарында өткөн иш-чара.

Ош шаардык казыяты жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен бирге "Биримдик жана ынтымак - бакубатуулук" аталышында жыйын өткөрдү. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын басма сөз кызматы маалымдады.

Анда “үй-бүлө баалуулуктарын сактоо”, “жалган маалымат таратуунун кесепеттери”, “этностор аралык ынтымак, нарк-насил маселелери”, “конфессиялар жана этностор аралык ынтымак” темасында баяндамалар жасалды.

Жыйында диний ишмерлер, мэрия жетекчилеринен сырткары Кыргызстан калкы ассамблеясынын өкүлдөрү катышты.

Кыргызстан - көп улуттуу өлкө. Соңку маалыматтарга караганда, калктын 74% кыргыздар, 15% өзбектер, 5% орустар түзөт. Ош көп улуттуу жана көп түрдүү маданияты бар аймак катары белгилүү.

Кыргызстан эгемендик алгандан бери диний уюмдар жана диний объектилер көбөйгөн. 1990-жылдардын башында ислам, орус православ чиркөөсү, христиан адвентисттери жана католиктер эле болсо, учурда 30дан ашуун багыттагы ар кандай диний уюмдар жана 3 миңден ашуун диний объектилер бар. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG