Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:35

Чолпон-Атада түрк тилдүү өлкөлөрдүн атайын кызмат башчыларынын жыйыны өтүүдө


Жыйындын катышуучулары.
Жыйындын катышуучулары.

Чолпон-Атада түрк тилдүү мамлекеттердин атайын кызмат башчыларынын конференциясы өтүүдө. Бүгүн 26-июлда алар менен президент Садыр Жапаров жолукканын мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

Президент улуттук коопсуздук кызматтарынын ортосундагы мамиленин маанилүүлүгүн белгилеп, 24 жыл ичинде бул уюм көйгөйлөрдү талкуулоо, тажрыйба алмашуу, кызматташтыктын натыйжалуу жолдорун иштеп чыгуу боюнча зарыл аянтчага айлана алганын айтты:

“Бүгүнкү күндө Жакынкы Чыгышта жана Ооганстанда айрым мамлекеттердин бүтүндүгүнө коркунуч туудурган жана бул аймактардын чегине да алыска жайылып кетүү коркунучу бар масштабга жеткен террордук аракеттердин күчөшү биздин кызматтардан өзгөчө көңүл бурууну талап кылат. Бул коркунучтарга жана чакырыктарга каршы күрөштө ырааттуу жана системалуу иш, биргелешкен жана координацияланган күч-аракеттер аркылуу гана олуттуу натыйжаларга жетишүүгө болору ырас”, - деди Жапаров.

1998-жылы негизделген уюмга Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Түркия мамлекеттеринин атайын кызматтары мүчө. 2018-жылы уюмга Өзбекстан да кошулган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG