Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:02

Мамкурулуш: Акча төлөп, батирсиз калган көрүнүшкө жакында чекит коюлат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Курулуш компаниясына үлүштүк негизде акча төлөп, акыры батирден да, акчадан да куру калган көрүнүшкө жакын арада чекин коюларын 26-июлда Бишкекте журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин (Мамкурулуш) жетекчиси Нуртазин Жетибаев билдирди.

Ал Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун тапшырмасы менен атайын жобо иштелип чыкканын, долбоору даяр экенин айтып, мындан ары кардарлар акчасын курулуш компаниясына төлөбөй, банкта атайын ачыла турган депозиттик эсепке салышы керектигин, компания ал эсептен акчаны өз алдынча ала албай турганын айтты.

Жетибаевдин белгилешинче, акчаны курулуш компаниясы жумушту бүтүргөнүнө жараша гана ала алат:

““Көп батирлүү үйлөрдү үлүштүк куруу жөнүндө” жобо иштелип чыкты. Бул жаатта Мамкурулуш көзөмөл функцияларын күчөтүп, куруучулар эми банктан атайын эсеп ачышат жана ал эсептеги акча аталган мекеме курулуштун ар бир этабы тапшырылганын ырастагандан кийин гана куруучунун эсебине которулат. “Проблемалуу объект жана куруучу” деген түшүнүк киргизилет. Бардык керектүү маалымат Мамкурулуштун сайтына жайгаштырылат”.

Кыргызстанда курулуш компаниялары жыл сайын көбөйүүдө. Алар негизинен кардар менен келишим түзүп, курулушту ошонун акчасына жүргүзүшөт. Кардар акчасын толук бойдон дароо же бөлүп төлөй алат. Келишимде батирдин курулушу качан аяктап, кардарга тапшырылып берилери жазылганы менен ал мөөнөттөн ашып же түрдүү себептерден улам таптакыр курулбай калган объектилер бар. Келишим кардар менен куруучунун ортосунда ыктыярдык негизде түзүлгөндүктөн, мындай учурда мамлекеттин кийлигишүүсү дээрлик мүмкүн эмес. Миңдеген доллар акчасын төлөп, батирсиз калгандар буга чейин нааразылык акцияларын уюштуруп, өкмөттөн жардам сурашкан. Парламентте буга каршы мыйзам долбоору даярдалып жатканы айтылган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG