Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:27

Италияга ооган качкындарынын биринчи тобу келди


Пакистандагы ооган качкындары. Лахор. 19-июнь, 2022-жыл
Пакистандагы ооган качкындары. Лахор. 19-июнь, 2022-жыл

Ооган качкындарынын биринчи тобу Италия өкмөтү, кайрымдуулук жана эл аралык уюмдар түзгөн коопсуздук коридору менен Римге жетти.

Италиянын Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, тогуз качкын 25-июлда Тегерандан учуп барды. 200дөн ашуун кишиден турган экинчи топ шаршембиде Пакистандан келери күтүлүүдө. Дагы бир нече ооган андан кийинки күнү келмекчи.

Бардыгы болуп Италия 1 миң 200дөй качкынга баш паанек берүүнү караган. Министрлик аялдар менен балдарга артыкчылык берилгенин кошумчалады.

Качкындарды алып келүү ишине БУУнун Качкындар агенттиги жана Эл аралык миграция уюму да көмөктөштү.

Былтыр Ооганстандагы бийликти “Талибан” кыймылы (Кыргызстанда тыюу салынган) басып алгандан кийин миңдеген оогандыктар башка өлкөлөргө агылган.

Италия коридор түзүү менен мыйзамсыз жолдор аркылуу келип жаткан мигранттардын агымын тыюуну көздөйт.

БУУнун маалыматына караганда, быйылкы жылдын алты айында эле аткезчилер Жер ортолук деңизиндеги өтө кооптуу маршруттар менен Италияга 3 миң 280 ооган качкынын өткөргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG