Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:35

Орус аскерлери Харьков жана Николаев шаарларын аткылашты


Чугуевдеги мектеп орус армиясынын аткылоосунан кийин. Харьков облусу, 25-июль 2022-жыл
Чугуевдеги мектеп орус армиясынын аткылоосунан кийин. Харьков облусу, 25-июль 2022-жыл

Украин бийлиги шейшембиде эртең менен билдиргендей, орус аскерлери Харьков жана Николаев шаарларын аткылашты. Харьковдун мэри Игорь Терехов дүрмөттөрдүн бири шаардын борборуна жакын жерге тийгенин, ал жайдын «аскердик инфраструктурага тиешеси жоктугун» айтты. Николаевдин шаар башчысы Александр Сенкевич элди жер төлөлөрдө кала берүүгө чакырды. Жабыркагандар тууралуу айтылган жок.

"Настоящее время” телеканалынын дагы бир маалыматына караганда, орусиялык күчтөр Донецк облусунун Бахмут шаарына жакын жерде анча олуттуу эмес ийгиликке жетти. Бирок америкалык Согушту изилдөө институту орус армиясынын шаарды көзөмөлгө алууга чамасы жетпейт деп эсептейт.

Ошол эле Донецк облусунда украин жоокерлери болжол менен мунай базасын аткылаганда өрт тутанды. Бул тууралуу Орусиянын ТАСС агенттиги кабарлады. Социалдык тармактарда чоң өрттүн сүрөттөрүн жайгаштырышты. Бирок буга украин армиясынын аткылоосу алып келди дегенди түз бышыктаган далилдер жок. Украин тарап андай маалыматты ырастай элек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG