Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июнь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:19

Кыргызстанда 1-январдан тартып пенсия көбөйүшү мүмкүн


Иллюстрация. Ала-Бука району, 2012-жыл
Иллюстрация. Ала-Бука району, 2012-жыл

2023-жылдын 1-январынан тартып Кыргызстанда пенсиянын өлчөмү 7200 сомго жеткирилиши ыктымал. Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиевдин 26-июлдагы маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө пенсиянын орточо көлөмү 6100 сом.

"Конституцияда пенсия, жөлөкпул жана башка социалдык колдоолордун өлчөмү мыйзам тарабынан белгиленген орточо жашоо минимунан аз болбоого тийиш" деп жазылган. Биз - Социалдык фонд Баш мыйзамдын бул нормасын аткарууга бардык күчүбүздү үрөп жатабыз, орточо жашоо минимуму азыр 7200 сомду түзөт", - деди Бактыяр Алиев.

Анын маалыматына караганда, быйыл пенсияны көбөйтүү максатында 800 млн. сом каралган, анын 600 миллиону Социалдык фонддун өз каражаты, 200 млн. сом республикалык бюджеттен. Январда пенсионерлердин жарымынын, андан кийин жыл ичинде калгандарынын пенсиясын көбөйтүү мерчемделүүдө.

Алиевдин айтымында, Кыргызстанда пенсия жашы көтөрүлбөйт, азыр аялдар 58, эркектер 63 жаштан пенсияга чыккан курак сакталып калды.

2022-жылдын 1-январына карата өлкөдө 670 435 пенсионер бар. (KO)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG