Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:41

Ошто жол кырсыгынан Орусиянын үч жараны каза тапты


Кыргызстан дүйнөдө жол кырсыгынан каза тапкандардын саны боюнча алдыңкы орундардын биринде турган өлкө. Бишкек-Ош жолундагы окуя. Фото архивден
Кыргызстан дүйнөдө жол кырсыгынан каза тапкандардын саны боюнча алдыңкы орундардын биринде турган өлкө. Бишкек-Ош жолундагы окуя. Фото архивден

26-июлга караган түнү Ош шаарынын Гапар Айтиев көчөсүндө Hyundai SantaFe автоунаасы жарнама илинип турган мамыны катуу ылдамдыкта келип сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен айдоочу жана эки жүргүнчү каза тапты. Ош шаардык милициясынын маалыматы боюнча, алдын-ала иликтөө көргөзгөндөй айдоочу машинаны башкара албай калган. Каза тапкандардын баары - Орусиянын жарандары.

Ички иштер министри Улан Ниязбековдун 18-июлдагы маалыматы боюнча, быйыл жарым жылда жол кырсыктарынын саны былтыркы жылдын ушул маалына салыштырганда 11%, каза болгондор 26%, жараат алгандар 10% азайган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG