Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:23

Өзбекстан эмгек мигранттарын Орусияда жумуш тандоодо этият болууга чакырды


Орусиядагы өзбек мигранттары. Иллюстрациялык сүрөт
Орусиядагы өзбек мигранттары. Иллюстрациялык сүрөт

Өзбекстандын Тышкы эмгек миграция боюнча агенттиги жарандарды Орусияда жумуш тандоодо этият болууга чакырды.

«Айрым маалымат каналдары Өзбекстан жана Кыргызстан жарандарын Орусияда жакшы маянага ишке чакырган жарыяларды таратып жатышат. Ошол жарыялар жарандарды Орусия менен Украина ортосунда жүрүп жаткан жаңжал зонасына тартууну көздөйт. Буга байланыштуу мекендештерди чет өлкөлөрдө жумуш сунуш кылган расмий эмес жарыяларга ишенбөөгө чакырабыз, - деп айтылат мекеменин маалыматында.

Агенттик ошондой эле өзбек мыйзамдары башка өлкөнүн аймагындагы куралдуу жаңжалдарга же согушка катышууга тыюу саларын, андай аракеттер үчүн эркинен ажыратуу каралганын эскертет.

Бир нече күн мурун “МедиаХаб” коомдук фондунун кабарчылары Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн, анын ичинде Кыргызстандын жарандарын Украинадагы согушка тартып жаткан орусиялык компанияларды аныктаган.

Иликтөөдө айтылгандай, Инстаграмдагы кыргыз сегментинде жеке күзөт ишканасына жумушчулар керек деген таризде жарыялар пайда болгон. Анда иш издегендерге жакшы айлык акы төлөнөрү, алар Орусиянын аймактарында иштей турганы белгиленген.

Кабарчылар жумуш издеген киши катары байланышкан учурда алар бул орундарга кабыл алуу токтоп калганын айтып, аскердик кызматтарды сунуш кылышкан.

XS
SM
MD
LG