Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:50

Аба ырайы: айрым облустарда 40 градустан жогору ысык болот


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

27-28-июль күндөрү кургак жана ченемден тышкары ысык аба ырайы сакталып калат. Бул тууралуу аба ырайын аныктоочу мамлекеттик ишканадан билдиришти. 28-июлда Кыргыз Республикасынын аймагында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 19...24, күндүз 34…39;

Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн 3...8, күндүз 27…32;

Талас жергесинде түнкүсүн 13...18, күндүз 30…35;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 21…26, күндүз 36…41;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 15...20, күндүз 29...34;

Нарын облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 30…35;

Бийик тоолордо түнкүсүн 0…5, күндүз 16…21 градус.

Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы түнкүсүн 22…24, күндүз 37…39 градус ысык болот.

Чолпон-Ата шаарында жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз өткүн өтүп күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 18…20, күндүз 29…31 градус жылуу болот.

Ысык-Көлдүн түндүк жээгинде суунун температурасы 27-июлда күндүзгү саат 12:00де 23,0 градус болду.

XS
SM
MD
LG