Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:37

Баткенде кыргыз-тажик чек арасы боюнча кезектеги жолугушуу өттү


Жолугушуу Баткенде өттү.
Жолугушуу Баткенде өттү.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортодогу мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумуш топторунун кезектеги жолугушуусу достук жана өз ара түшүнүшүү манайында өткөнүн бүгүн 27-июлда өмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Жолугушуу 21-26-июлда Баткен шаарында өттү, кийинкиси Тажикстандын аймагында уюштурулмай болду.

Эки өлкө ортосундагы былтыркы окуядан бери ортодогу 82 чакырым чек ара тилкеси макулдашылганын 22-июлда “Азаттык” радиосуна Министрлер кабинетинин чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү Назирбек Бөрүбаев билдирген.

2021-жылдын апрель айынын аягында кыргыз-тажик чек арасында кандуу окуя катталып, жаңжалда Кыргызстандан 36 киши каза болуп, 154ү жараат алган. Тажикстан тараптан 19 адам мерт кетип, 87си жабыркаганы расмий кабарланган.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда жалпысынан 972 чакырым чек ара тилкеси бар, аны тактоо иштери 2002-жылы башталган. 664 чакырым боюнча орток пикир бар экенин эки өлкөнүн президенттери ырасташкан. (BTo/RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG