Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Июнь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:39

Кыргызстан менен Орусиянын Башкы прокуратураларынын кызматташуу планы кабыл алынды


Курманкул Зулушев жана Игорь Краснов.
Курманкул Зулушев жана Игорь Краснов.

Кыргызстандын жана Орусиянын Башкы прокуратуралары кызматташуунун биргелешкен планын кабыл алышты. Бүгүн 28-июлда Чолпон-Атада эки мекеменин башчылары Курманкул Зулушев менен Игорь Краснов жолугушуу өткөрүп, болочок пландарды талкуулашканын Кыргызстандын Башкы прокуратурасынын басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда кибер кылмыштуулукка, трансулуттук уюшма кылмыштуулукка, терроризмге, диний экстремизмге, коррупцияга, мыйзамсыз миграцияга, адам аткезчилигине каршы биргелешип күрөшүү тууралуу сөз болду.

Кызматташтык планы 2022-2023-жылдарга деп түзүлдү. Анын алкагында жогоруда аталган багыттар боюнча иштер уланары белгиленди.

Кыргызстан Орусияны стратегиялык өнөктөш өлкө деп атап келет. Айрым серепчилер глобалдашуу заманында бир гана өлкөгө байланып, андан көз каранды болбостон, тышкы саясатта көп векторлукту кармануу туура болорун эскертүүдө.

Миллиондон ашуун кыргыз жараны учурда чет мамлекеттерде эмгек мигранты болуп жүрүшөт, алардын көбү Орусияда. Жүздөгөн кыргызстандык түрдүү кылмыштар үчүн Орусиянын түрмөлөрүндө отурганы расмий кабарланган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG