Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Октябрь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:55

"Дөө Чыңгыз" атка конгон кримтөбөл абакта киши колдуу болду

Кылмыш чөйрөсүндө "Дөө Чыңгыз" деген каймана ат менен таанымал Чыңгыз Жумагулов 30-июлда №21 абактын камераларынын биринде киши колдуу болгонун Жаза аткаруу кызматынан ырасташты.

Алдын ала маалыматтар боюнча, аны камералашы жеке кастык мамиленин негизинде өлтүргөн.

"Аны өлтүргөн жаран кылмышын моюнуна алган. Окуянын чоо-жайын тийиштүү тергөө органдары териштирип жатат", - деп жазылган ЖАМК тараткан маалыматта.

Бишкектин Биринчи май райондук соту кылмыш тобунун мүчөсү Чыңгыз Жумагуловдун бөгөт чарасын 15-июлда караган. Ага ылайык, Жумагулов 7-сентябрга чейин №21 абакта болору кабарланган.

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) кримтөбөл кармалганын 15-июлда билдирген.

Ага чейин Бишкектин четиндеги Көк-Жар айылында 8-июлда Жумагуловду кармоо маалында ага ок тийгенин, бирок ал качып кетүүгө үлгүргөнүн айрым журналисттер жазып чыккан. УКМК Чүйдө кылмышкер изделип жатканын, бирок Жумагулов менен атышуу болбогонун билдирген. (КЕ)

​
XS
SM
MD
LG