Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:11

Аба ырайы: сел жүрүү коркунучу эскертилди


Кыргызгидромет 30-31-июль күндөрү нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо сел жүрүшү мүмкүн экенин эскертти.

Ысык-Көл облусунун дарыяга жакын жайгашкан аймактарда суу каптоолор болушу ыктымал.

31-июлда өлкөнүн дээрлик бардык аймактаарында өткүн өтүп күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге чейин жетиши мүмкүн.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 16...21, күндүз 27…32;

Талас жергесинде түнкүсүн 12...17, күндүз 25…30;

Баткен, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 18…23, күндүз 28…33;

Ысык-Көл, Нарын облустарында түнкүсүн 10...15, күндүз 23...28;

Бийик тоолордо түнкүсүн -1…+4, күндүз 10…15 градус.

Бишкекте өткүн өтөт. Абанын табы түнкүсүн 18…20, күндүз 30…32 градус ысык болот.

Чолпон-Ата шаарында эртең өткүн өтүп күн күркүрөйт. Абанын түнкү температурасы 12…14°, күндүзү 23…25° жылуу болот.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG